Кыргызстанда араб тилинин грамматикасын үйрөтөм деген шылтоо менен балдар Хизб-ут-Тахрирге тартылууда (видео)
УКМК жашы жете электерге тыюу салынган идеологияны үйрөткөн диний экстремистти кармады
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкекте "Хизб-ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун балдар менен иштеген мүчөсү кармалганын билдирди.
6-декабрда баш калаанын Биринчи май райондук сотунун санкциясынын негизинде аталган уюмга мүчө деп шек саналган эки кишинин батиринде тинтүү жүргүзүлдү.
24 жаштагы шектүүнүн үйүнөн "Хизб-ут-Тахрир" уюмуна таандык адабияттар, идеологиялык жазуулары бар материалдар табылган. 27 жаштагы шектүүнүн үйүндө балдарга диний билим берилип жатканы аныкталган.
"Тинтүү жүргүзүлгөн кезде батирде 10-17 жашка чейинки жети өспүрүм болгон. Алардын көбү эмгек мигранттарынын балдарды экени такталды",- деди УКМКнын басма сөз катчысы Күмүшбек Шабданов.
Балдарга окутуу уюштурган деп шектелген жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал окутуп жаткан өспүрүмдөр туугандарына өткөрүлүп берилди.
Сунни мусулмандарынын “Хизб-ут-Тахрир” уюму "ислам халифатын курууну көздөйт" мүнөздөлөт. Бул диний-саясий уюм бир катар мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстанда да "экстремисттик" деп табылып, 2003-жылы Жогорку соттун чечими менен ишмердигине тыюу салынган.
УКМК бул уюмга мүчө деп шек саналгандар кармалганын утуру маалымдап келет.
фото www