Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“Жогорку Кеңешке 6 партия барат”. БШК добуштарды кол менен санап бүттү

Бишкектин эки округунда кайра шайлоо өтөт

Борбордук шайлоо комиссиясы добуштарды кол менен саноону толугу менен аяктады. Шайлоонун жыйынтыгы шайлоо комиссиясынын сайтында жарыяланды.

Кол менен эсептөөнүн маалыматы боюнча добуш берүүгө 1 293 244 шайлоочу (34,92%) катышканы көрсөтүлгөн. Жараксыз бюллетендердин саны 3926 бюллетенге азайды.
Ошентип, Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышына 6 партия өттү:

«Ата-Журт Кыргызстан» (17,3%),
Ишеним (13,63%),
Ынтымак (10,99%),
Альянс (8,34%),
«Бүтүн Кыргызстан» (7,04%)
Ыйман Нуру (6,15%).

Мындан тышкары бир мандаттуу округдар боюнча 36 округдан 34 депутат шайланды. Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май шайлоо округдарында кайра шайлоо өткөрүлөт.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх