Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акжол Махмудов орусиялык балбан Роман Власов менен беттешүүгө макул болду

«Килемдин арстаны дайыма чакырыктарды кабыл алат. Биз муну жакын арада жасайбыз "

2020-жылкы Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов россиялык эки жолку Олимпиада чемпиону Роман Власов менен беттешүүгө макул болду. Бул тууралуу орусиялык балбан Instagram социалдык тармагындагы баракчасына билдирди.

«Жок деп айтпай турганыңды билгем. Килемдин арстаны дайыма чакырыктарды кабыл алат. Биз муну жакында жасайбыз. Мен килем үстүндө өлгөнгө даярмын, бирок мен жеңилбейм», - деп жазган Власов.

Эскерте кетсек, буга чейин орусиялык спортчу Акжол Махмудов менен күч сынашуу каалоосун билдирген. Власовдун айтымында, күрөштү өзүнчө мелдеш катары уюштурууга болот.


Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх