Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте хоккей боюнча эл аралык турнир өтөт

Мелдешке Латвия, Россия, Өзбекстан, Казакстан жана башка мамлекеттердин командалары катышат

Хоккей боюнча Мэрдин Кубогу эл аралык турнири 2021-жылдын 10-декабрынан 20-декабрына чейин өтөт. Турнир биринчи жолу үч жаш категориясы боюнча өткөрүлөт.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы менен КРнын хоккей федерациясы уюштурууда.

Мелдешке Латвия, Россия Федерациясы, Өзбекстан, Алматы шаарларынын командалары, борбордун “Алга”, “Локомотив” клубу жана Нарындын “Нарын шумкарлары” командалары катышат.

Балдар жана кыздар үч жаш категориясы боюнча ат салышат: 2008-жылы туулгандар жана андан кичүүлөр, 2010-жылкы жана андан кичүүлөр, 2012-жылы туулгандар жана андан кичүүлөр.

Турнирдин максаты – өлкөдө хоккейди өнүктүрүү жана жайылтуу, спортчулардын достук, спорттук мамилелерин кеңейтүү жана чыңдоо,  сергек жашоо образын жайылтуу.

Мелдештер 11-декабрда саат 12:00дө Виноградная көчөсү  №1/3 дарегиндеги Шаардык муз тебүүчү аянтчасында  башталат.

Бишкек мэриясы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх