Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзбекстан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Улукбек Кармышаков Өзбекстандын вице-премьер-министри Сардор Умурзаков менен жолугушту

Ташкентте Өзбекстан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Улукбек Кармышаков Өзбекстандын вице-премьер-министри – инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Фонддун практикалык ишмердүүлүгүн уюштуруу маселелерин, атап айтканда, аларды мындан ары ишке ашыруунун келечектүү долбоорлорун жана Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоону талкуулашты.



Маалым болгондой, учурда фонддун жетекчилиги тарабынан айыл чарба, мал чарбачылык, багбанчылык, жибек өстүрүүчүлүк, курулуш материалдарын өндүрүү, фармацевтика тармагындагы инвестициялык долбоорлордун тизмеси түзүлүп жатат. Ошондой эле Өзбекстан менен Кыргызстандын чектеш аймактарында биргелешкен соода-логистикалык комплекстерди түзүү мүмкүнчүлүктөрү изилденип жатат.



Диалогдун жүрүшүндө тараптар айрым долбоорлордун артыкчылыктарын олуттуу талкуулашты жана аларды ишке ашырууну тез арада баштоо үчүн алардын  экономикалык эффектилерин эске алуу менен долбоорлордун акыркы тизмесин түзүү боюнча эки тараптуу кызматташуунун мындан аркы кадамдарын белгилешти.

Ошондой эле, жолугушуунун жыйынтыгында Фонддун ички уюштуруу жана оперативдүү ишмердүүлүгүнө тиешелүү бир катар маселелер макулдашылды, бул жактырылган долбоорлорду каржылоону ачууну тездетет.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх