Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чолпон-Атадагы райондук электр тармактарынын (РЭТ) башчысы үйүнө криптовалютаны өндүрүү үчүн майнинг-ферма уюштуруп алганы аныкталган (фото)

Жергиликтүү аткаминер  криптовалюта өндүрүү менен алектенген

Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Ысык-Көл райондук электр тармактарынын (РЭТ) башчысы үйүнө криптовалютаны өндүрүү үчүн майнинг-ферма уюштуруп алганы аныкталганын Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) билдирди.

Маалыматта бул иш боюнча тергөөнүн алкагында, келтирилген зыяндын өлчөмү аныкталып жатканы айтылат.

"Ал энергетика тармагында иштеп жатып, суунун аздыгынан улам республикада энергетикалык каатчылык болуп жатканына карабастан, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, электр энергиясын уурдап, муну менен өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна зыян келтирген", - деп айтылат атайын кызмат тараткан маалыматта.

Сөз болуп жаткан жетекчи жана анын жакындары УКМКнын маалыматы тууралуу комментарий берише элек.

Атайын кызмат буга чейин өлкө аймагындагы бир топ майнинг-фермалар табылганын билдирген. Мындай фактыларга байланыштуу сотко чейинки өндүрүш башталып, жүздөгөн жабдыктар алынган.

Электрондук валюта өндүргөн компаниялар майнинг-ферма деп аталат. Алар көптөгөн компьютерлердин жана серверлердин жардамы менен татаал техникалык тапшырмаларды чечүү аркылуу жаңы криптовалюта өндүрөт. Бул үчүн электр энергиясын өтө көп колдонот жана токту күнү-түнү, жыл бою үзгүлтүксүз алып турушу керек.

Электрондук акча өндүргөн компанияларга өлкөдө тыюу салынган эмес, бирок акыркы убактагы тартыштыктан улам аларга электр энергиясын берүүгө чек киргизилген. (MTa)

УКМК басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх