Акылбек Жапаров Нур-Султан шаарында бир катар келишимдерге кол коюга жетишти
Министрлер кабинетинин башчысынын Казакстанга сапарынын жыйынтыгында төрт документке кол коюлду
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун Нур-Султан шаарына (Казакстан Республикасы) жумушчу сапарынын жүрүшүндө орун алган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында дүң-бөлүштүрүү борборлорун түзүү жана иштетүү боюнча биргелешкен Иш-чаралар планы («Жол картасы»);
2. 2022-2024-жылдарга «Алматы-Бишкек» Экономикалык коридорунун референс лабораторияларын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы;
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Казакстан Республикасынын Өкмөтү ортосундагы Борбор Азия регионунун коопсуздугун камсыздоого аскердик-техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө келишим;
4. «Ак-Тилек» жана «Карасу» автожол өткөрүү пункттары аймагында индустриалдык соода-логистикалык комплексин түзүү жана иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралардын планы.
Министрлер кабинетинин мааалымат кызматы
Фото www