Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров Нурсултан Назарбаев менен жолугушту

  • жолу 0 кароо

Министрлер кабинетинин башчысы Казакстандын биринчи президентин жана элин келе жаткан эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Казакстан Республикасынын биринчи Президенти - Эл башы Нурсултан Назарбаев менен жолугушту.

Акылбек Жапаров жана Нурсултан Назарбаев эки тараптуу кызматташтыктын бир катар маселелерин талкуулады, өзгөчө басым соода-экономикалык тармактагы маселелерге, атап айтканда, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү кеңейтүү маселесине жасалды. Биринчи Президент - Эл башы Нурсултан Назарбаев белгилегендей, биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер бир туугандык жана коңшулук принциптерге таянат.

Жолугушуунун жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы Нурсултан Назарбаевди жана Казакстан Республикасынын элин алдыда турган Казакстан Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан куттуктоо сөзүн билдирди.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх