Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда орусиялык аскер кызматкерлери муктаж болгон үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөтүштү

Аскердик базанын командачылыгына социалдык оор абалдагы үй-бүлө кайрылган

Кыргызстандагы бириккен аскер базасынын орусиялык аскер кызматкерлери Кант шаарында жашаган жардамга муктаж үй-бүлөгө гуманитардык жардам тапшырышты. Бул тууралуу алардын маалымат кызматы билдирди.

Аскердик базанын командачылыгына кыштын келишине байланыштуу гуманитардык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен социалдык абалы оор үй-бүлө кайрылган. Аскер кызматкерлери кайрылууга жооп берип, жылуу кийим-кече, тамак-аш чогултуп, андан соң муктаж үй-бүлөгө тапшырышты.


«Бирдиктүү россиялык аскер базасынын кызматкерлери көп жылдардан бери аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүп, балдар жана балдар үйлөрүндө патронажды уюштуруп келишет», - деп айтылат маалыматта.

Орусиянын Кант аскердик базасы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх