Бакуда кыргызстандык окуучу так илимдер боюнча IV эл аралык олимпиадада коло медаль тагынды
«Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү жогорку жыйынтыктарды көрсөтүштү»
Бүгүн, 9-декабрда Бакуда өтүп жаткан өспүрүмдөр арасында так илимдер боюнча IV Эл аралык олимпиаданын акыркы күнү.
Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиевдин айтымында, Кыргыз Республикасын үч мектеп окуучусу – Ф.Корнияш, Б.Баратали, А.Абдигапаров, алардын устаты М.Ишматов жетектеген.
«Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Тажикстандан келген көп сандагы катышуучулардын арасында Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү жогорку жыйынтыктарды жана сапаттуу машыгууларды көрсөткөнүн белгилей кетүү кубанычтуу», - деп баса белгиледи ал.
Мындан тышкары, элчи мектеп окуучусу Федор Корнияш коло мендалдын ээси болгонун кошумчалады жана аны олимпиададагы жыйынтыгы менен куттуктады.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www