Бишкектин көчөлөрүндө кальмар ойноо. Сериалдагы каармандардын кейпин кийген инспекторлор шаардыктарга жол эрежесин сактоонун маанилүүлүгүн эскертишти (фото)
Рейд коомдук транспортту туура эмес жерде күткөн шаардыктар көп топтолгон жерлерде өттү
Бишкекте коомдук транспортту туура эмес жерде күтүп турган жарандар тыгын болгон жерлерге рейд жүргүзүлдү.
Биргелешкен ишти шаардык транспорт башкармалыгынын, Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Транспорт министрлигине караштуу транспорт инспекциясынын жана ИИМдин кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери жүргүзүштү.
Ошондой эле, документтер жана коомдук транспорт салондорунун санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге шайкештиги текшерилди. Айдоочулар жана жүргүнчүлөр менен маска режимин сактоо боюнча сүйлөштүк.
Шаардык транспорт башкармалыгынын кызматкерлери шаар тургундарынын көңүлүн бурууну чечип, эл оозуна алынган «Кальмар оюну» телесериалынын костюмдары менен өтүштү. Эрежелер жазылган кагаздар таркатылды.
ПМК кызматкерлери жөө жүргүнчүлөргө жол эрежелерин так сактоону жана жолдон өтүүдө этияттык менен мамиле кылууну эскертишти. Ал эми коомдук транспорттун айдоочуларынын көңүлү жүргүнчүлөрдү ташуудагы коопсуздукту камсыздоого жана жол эрежесин сактоого бурулду.
Салык органдары тарабынан салык жана патент боюнча карыздарды аныктоо боюнча пландуу текшерүү жүргүзүлдү. Салыкты өз убагында төлөбөгөн транспорт ээлери административдик жоопкерчиликке тартылат.
Натыйжада коомдук транспорттун айдоочулары тарабынан жол эрежесин бузган 5 факты катталган.
Мэрия Бишкек