Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров бошотулду

УКМКнын тергөөчүсү Жогорку Кеңештин депутаттарын камакка алууну жокко чыгаруу боюнча арыз жазды

Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров УКМКнын СИЗОсунан бошотулду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаттарын камакка алууну жокко чыгаруу өтүнүчүн УКМКнын тергөөчүсү бергени такталды.

Эске сала кетсек, Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров коррупцияга айыпталып, камакка алынган.

Камактагы депутаттарды кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Башкы прокурордун сунушун кароо боюнча депутаттык комиссия түзүлдү.

Комиссия мүчөлөрү Жээнбеков менен Зулпукаровду Башкы прокуратурадан камоодон баш тартышты.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх