Бишкектин базарларында жана жер алдындагы өтмөктөрдө иштеген балдарды аныктоо боюнча рейд өттү (фото)
Жыйынтыгында жашы жете элек 5 бала иштеп, үчөө кайыр сурап жүргөнү аныкталган
Биринчи май акимиаты жашы жете элек өспүрүмдөрдү эмгектин эң оор түрүнө тартуунун алдын алуу, кайыр сураган жашы жете электерди аныктоо максатында пландуу рейд өткөрдү.
Иш-чара облустук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, ички иштер башкармалыгы жана МТУ менен биргеликте өткөрүлдү.
Кызматкерлер борбордук көчөлөрдү, жер астындагы өтмөктөрдү, скверлерди жана сейил бактарды, «Азиз», «Сары озон», «Кудайберген» базарларын кыдырып чыгышты.
Натыйжада жашы жете элек 5 бала иштеп, үчөө кайыр сурап жүргөнү аныкталган.
Ата-энелик милдетти туура аткаруу боюнча ата-энелер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүндө 3142 бала каттоодо турат, анын ичинен 336сы турмуштук оор кырдаалда, 78 жөлөк пул категориясында, 25 жетим, 481 жарым жетим, 853 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, 1369 муктаж балдар.
Урматтуу ата-энелер! Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, балдар эмгегин анын эң начар көрүнүшүндө кандай гана болбосун пайдаланууга тыюу салынат.
Урматтуу жарандар! Эгерде сиз балдарга карата зордук-зомбулукка же тилемчиликке күбө болсоңуз, дароо милицияга кабарлаңыз: 102.
Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www