Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин тургундары балаты базарына чакырылды (фото)

Жаңы жылдык майрамдардан кийин дарактарды ачык жерге көчүрсө болот. Кантип туура кылуу керектигин сатуучулар айтып беришет

Октябрь районунун аймагында, Медеров-7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде балаты базары ачылды.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жаңы жылдык балаты базарына келип, балаты сатып алууга чакырат, бул жаңы жылдын алдында өзгөчө майрамдык маанайды жаратууга таасир берери шексиз.

Базардан ар ким өзүнө жаккан – ар кандай курактагы, көлөмдөгү жана түрдөгү тирүү даракты таба алат. Ассортиментте арча, туя, сибирь пихтасы, карагай жана башка түрлөрү бар. Бардык ийне жалбырактуулар жабык тамыр системасы менен, башкача айтканда, топурагы менен сатылат.

Жаңы жылдык майрамдардан кийин дарактарды ачык жерге көчүрсө болот. Сатуу боюнча кеңешчилер дарактарды кантип туура отургузуу керектигин айтып беришет.


Балаты базары 2022-жылдын жаз айына чейин ишин улантат.

Бишкек мэриясы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх