Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМдин жетекчисинин орун басары милиция кызматкерлери иш кагаздарын кыргыз тилинде сапаттуу жүргүзүүсү керектигин белгиледи

Курстарды ийгиликтүү аяктаган борбордук аппараттын кызматкерлерине сертификаттар тапшырылды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2021-жылдагы 15-январындагы «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча 2021-жылга карата түзүлгөн иш-мерчемди бекитүү жөнүндө» буйругунун 3-пунктун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2021-жылдын 1-ноябрында «Окуу курсун өткөрүү жөнүндө» тескемеси чыгарылып, анын негизинде, Кыргыз Респбуликасынын ИИМдин Башкы штабынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмчөсүнүн демилгеси менен  КР ИИМдин Академиясында ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлерине «Иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү» аталышындагы окуу курсу уюштурулду.
КР ИИМдин Академиясынын тилге даярдык кафедрасында 2021-жылдын 15-ноябрынан 15-декабрына чейин аталган окуу курска ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлери катышып, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жазуу сабаттуулугун өркүндөтүштү.
2021-жылдын 15-декабрында КР ИИМдин Мамлекеттик тил бөлмөсүндө курсту ийгиликтүү аяктаган кызматкерлерге тастыктамалар тапшырылды. Тастыктамаларды тапшыруу аземине КР ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов катышып, курстан алган билимдерин иш тажрыйбаларында колдонуп, иш кагаздарды мамлекеттик тилде сапаттуу жүргүзүү керектигин баса белгиледи.


ИИМдин Басма сөз кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх