Бакиевдин инисинин кызы: 2022-жылы Кыргызстанга 100дөн ашык электромобилдерди алып келебиз
Сымбат Маратбек анын компаниясы өлкөнүн бардык аймагына электр унаалары үчүн кубаттоочу станцияларды орнотууну көздөп жатканын билдирди
2022-жылдын январында Кыргызстанга 100дөн ашык электромобилдер алынып келинет. Бул тууралуу качкын президент Курманбек Бакиевдин инисинин кызы, электр унааларды ташуу жана сатуу боюнча Spark компаниясынын директору Сымбат Маратбек Марал fm радиосуна берген маегинде билдирди.
Кыз бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында 400гө жакын электр унаасы бар экенин айтты.
«Биз таксилерди жана коомдук транспортторду электромобилдерге өткөрүү аракетин көрүп жатабыз. Такси кызматтарынын бири бизден 10дон ашык электромобил сатып алды. Январь айында 100дөн ашык электромобилдерди алып келебиз. Мындан тышкары, соода борборлоруна жана башка стратегиялык имараттарга электр унаалары үчүн кубаттоочу станцияларды куруп жатабыз», - деди ал.
Сымбат Маратбек белгилегендей, 2022-жылдын 1-январынан тарта электромобилдер үчүн бажы алымдары жана КНС киргизилет.
«Бул электромобилдердин акыркы баасына таасирин тийгизет. Өкмөт бизди колдоп, алым менен КНСтин шарттарын алып салса жакшы болмок. Айдоочулар ээн-эркин жүрүүсү үчүн өлкө боюнча заряддоо станцияларын орнотууну каалайбыз», - деди ал.
Сымбат Маратбек 2005-2010-жылдары Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп иштеген Курманбек Бакиевдин иниси Марат Бакиевдин кызы.
Сүрөт www