Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Строкова: Бакыт Жетигеновдун айынан сессия атайын өткөрүлбөй жатат деп ойлоонун кереги жок

Парламентарий кесиптешинин кол тийбестигин алуу маселеси Акылбек Жапаров келгенде караларын түшүндүрдү

Жогорку Кеңештин депутаттары кесиптеши Бакытбек Жетигеновдун кол тийбестигин алып салуу мүмкүндүгүнө байланыштуу маселени министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун келиши менен карайт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына эл депутаты Евгения Строкова билдирди.

Парламентарийдин айтымында, VI чакырылышта Жетигеновдун кол тийбестиги боюнча маселени кароого үлгүрөт.

«Атайын комиссиянын чечими Бакытбек Жетигеновдун пайдасына чыгарылган», - деп эскерет ал. - Сессияда депутаттар добуш бериши керек, ал сөзсүз түрдө Акылбек Жапаров келгенден кийин болот. Бакыт Жетигеновдун айынан атайын сессия өткөрүлбөй жатат деген ойдун кереги жок. Мунун такыр башка себептери бар. Салык жана бюджеттик кодекстерди кабыл алышыбыз керек, аны Акылбек Жапаровсуз ишке ашыруу мүмкүн эмес.

Белгилей кетсек, Бакытбек Жетигеновдун жактоочулары бүгүн Жогорку Кеңештин имаратына чогулуп, аны камактан чыгаруу талабы менен чыгышкан.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх