Кудайберген Базарбаев: Жергиликтүү коомдук кеңештер мамлекеттик органдар менен эффективдүү өз ара аракеттенүү үчүн көпүрө болуп саналат
Бишкекте “Ачык коомчулуктар – ачык медиа” долбоорунун алкагында жыйынтыктоочу конференция өттү
Бишкекте “Ачык коомчулуктар – Ачык массалык маалымат каражаттары” долбоорунун алкагында “Бийлик, жарандык коом жана ЖМК ортосундагы социалдык өнөктөштүк” деген темада жыйынтыктоочу конференция өттү.
Иш-чарага Кыргызстандын аймактарынан мамлекеттик органдардын, коомдук кеңештердин, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана активисттер катышты.
Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев куттуктоо сөз сүйлөдү.
Чиновник белгилегендей, жергиликтүү коомдук кеңештер аймактардагы актуалдуу маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдар жана жарандык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнүн эффективдүү көпүрөсү болуп саналат.
«Биздин бөлүм мага окшоп коомчулук үчүн ачык жана бардыгын угууга даяр. Мен Кыргызстандын татыктуу келечегине ишенем жана бардыгын мамлекетти өнүктүрүүгө жигердүү катышууга чакырам», — деди Базарбаев.
Андан соң конференциянын катышуучуларын Евробиримдиктин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Ханс Фарнхаммер куттуктады. Ал Евробиримдик менен Кыргызстандын мындан аркы кызматташуусуна үмүт артып, мамлекеттик саясаттын калыптанышына жергиликтүү коомдук кеңештер таасир этиши керектигин кошумчалады.
Өз кезегинде Акыйкатчы институтунун жетекчиси Аскат Азарбеков аймактарда эмгек укуктарынын бузулушу тууралуу көптөр билбегенине нааразы болду.
Жыйында долбоордун эки жылдык ишинин аткарылышынын жыйынтыгы чыгарылып, тиешелүү токтом иштелип чыкты. Долбоордун кичи-гранттык компонентинин Ош, Чүй жана Нарын облустарынын эң мыкты ийгиликтери жарыяланды.
Конференциянын катышуучулары жарандык коомдун, мамлекеттик органдардын жана массалык маалымат каражаттарынын ортосундагы социалдык өнөктөштүктүн көйгөйлөрүн жана келечегин талкуулашты. Коррупция менен күрөшүү, маалыматтык ачыктык, мамлекеттик жана улуттук программаларды ишке ашырууда өз ара аракеттенүү маселелерин карадык.
Жыйында мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин, кичи коомдук кеңештердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууда жана мамлекеттик органдардын ишмердигине коомдук мониторингди ишке ашырууда алгылыктуу ролу белгиленди.
Ислам Жолдошов
Сүрөт www