Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“Кумтөр Голд Компани” Каржы министрлигинин кызматкерлери өз министрине толук маалымат бербей жатканына таң калууда

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кызматкерлери өз министрине толук маалымат бербей жатканы бизди абдан таң калтырды. Чынында Алмаз Бакетаев алтынды сатуудан түшкөн кирешенин 13 пайызын түзгөн дүң кирешеге салык боюнча гана маалыматтарды жарыялап, КР бюджетине түшкөн башка бардык салыктар боюнча маалыматтарды көрсөткөн эмес.

Каржы министрлигинин үстүбүздөгү жылдын 11 айындагы маалыматына комментарий берип жатып, планда 6 миллиард 916 миллион сом каралган болсо, дүң кирешеден салык иш жүзүндө 6 миллиард 998 миллион сом төлөнгөнүн маалымдайбыз. Жалаң гана ушул туру боюнча план ашыгы менен аткарылгандыгы азыртан эле керунуп турат. Жалпысынан 11 ай ичинде социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн кошкондо салыктар төлөндү – 11 714 млрд. Ошол эле мезгилде төлөмдөр 8 млрд 2 млн сом өлчөмүндө каралган.

Айрыкча «Кумтөрдү» планды аткарбаганы, мактанган жана Компания темасында өздөрүн пиар кылууга аракет кылганы үчүн жемелеп жаткандар үчүн, жылдын аягына чейин мурда жарыяланган планды 1,5 эсеге жана ашыкча аткаруу пландалып жатканын билдиребиз. 13 миллиард сомдон ашык салыкты төлөшөт.
Компания келерки жылдын башында жыл жыйынтыгы боюнча толук отчетту жарыялайт, анда ар ким өзүнүн суроолоруна жооп алат. «Кумтөр Голд Компани» айрым саясатчылардан, депутаттардан жана кызыкдар тараптардан айырмаланып, Кенди өлкөгө кайтарууда түшүнүү, колдоо жана патриоттуулукту көрсөткөн Кыргызстан элине ыраазычылык билдирет. Кыргызстандын эң негизги байлыгы - эли!

КГК

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх