Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте таштандыларды сорттоочу завод курууну пландоодо

Борбор калаанын биринчи вице-мэри Максатбек Сазыкулов курулуш иштерин келерки жылы бүтүрүүгө убада берди

2022-жылы Бишкекте таштандыларды сорттоочу заводдун курулушу аяктайт. Бул тууралуу брифингдердин биринде борбор калаанын биринчи вице-мэри Максатбек Сазыкулов билдирди.

Анын айтымында, объекттин курулуш иштери келерки жылдын үчүнчү кварталында бүткөрүлөт.

«Пилоттук режимде биз таштандыларды жер астындагы сактоо системасын ишке киргизе баштадык. Биринчиден, бул визуалдык эффект берет - көчөлөрдө контейнерлер болбойт. Экинчиден, эч кандай жыт болбойт. Үчүнчүдөн, таштандынын чачылганы, башкача айтканда, таштандынын “морфологиясынын” баалуулугу кала берет. Жакынкы арада таштандыларды сорттоочу завод куруу долбоорун ишке ашырууну пландап жатабыз. Кудай буюрса, 3-кварталда шаардык таштандыларды кайра иштете турган даяр заводду алабыз», - деди муниципалдык кызматкер.

Мындан тышкары, ал долбоор министрлер кабинети тарабынан колдоого алынганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, буга чейин муниципалдык бийлик таштандыларды сорттоочу завод курууга бир нече жолу убада берип, бирок жогорудагы айтылган сөздөр аларды реалдуу иш-аракеттерге алып келген эмес.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх