Ошто өрт чыгып, үч адам жабыркады
Жабырлануучулар ооруканага жеткирилген
Бүгүн Ош шаарында үйдөн чыккан өрттөн үч адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жалпы аянты 360 чарчы метр үй толугу менен күйүп кеткени такталды. Өрт жакын жайгашкан турак жайга да өтүп, анын 70 чарчы метр чатыры күйгөн.
Жабырлануучулар ооруканага жеткирилгени белгиленүүдө.
Жалынды өчүрүүгө 4 өрт өчүрүү кызматы жана штаб тартылган.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
ӨКМ басма сөз кызматы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз