Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эл аралык эксперт КРдагы сөз эркиндиги көйгөйлүү аймакта деп эсептейт

Ханс Борн эгер Кыргызстан Орусияны ээрчип, чет элдик агенттер жөнүндө мыйзам кабыл алса, сөз эркиндигинин абалы начарлайт деп кооптонууда

Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин индекси - Чек арасыз кабарчылар эл аралык бейөкмөт уюму тарабынан жарыяланган жыл сайын дүйнөдөгү басма сөз эркиндигинин абалы боюнча сурамжылоо жана ага кошумча рейтинг.

Дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин индекси боюнча Кыргызстан 79-орунда турат, бул Балтика боюндагы республикаларды кошпогондо, постсоветтик мейкиндикте эң жакшы көрсөткүч.

Бир күн мурун Бишкекте “Ачык коомчулуктар – ачык медиа” долбоорунун алкагында “Бийлик, жарандык коом жана ММК ортосундагы социалдык өнөктөштүк” деген темада жыйынтыктоочу конференция өттү. Иш-чарада GSI долбоорунун координатору Ханс Борн сөз сүйлөп, Vesti.kgнин редакциясы менен Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы боюнча өз оюн бөлүштү.

Анын айтымында, башка постсоветтик өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстан жарым-жартылай эркин бойдон калууда.

«Дүйнөлүк индекстин рейтингине ылайык, Кыргызстандын абалы анча жакшы эмес», - деди Борн. - Бирок мен Түркмөнстанда, Орусияда иштегем. Бул өлкөлор менен салыштырганда сиздердин республикада басма сөз эркин.

Ошол эле учурда эксперт Кыргызстан Орусияны ээрчип, чет элдик агенттер боюнча мыйзам кабыл алса, сөз эркиндигинин абалы курчуп кетиши мүмкүн деп кооптонууда.

«Эгерде Кыргызстан чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзам журналисттерге тиешелүү болгон Орусиядан үлгү алса, бул сөз эркиндигине терс таасирин тийгизет», - деп улантты эл аралык эксперт. - Албетте, эл аралык уюмдар, долбоорлор сунуш бере алат, бирок мыйзамдарды кабыл алуу сиздин мамлекеттин прерогативи. Өлкөдө болуп жаткан окуяларды объективдүү чагылдырган көз карандысыз маалымат каражаттарын өнүктүрүүбүз керек.

Ислам Жолдошов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх