Кыргызстан канадалык Centerra Gold Inc компаниясын сотко берди
Анда белгиленгендей, канадалык компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сыйлабастыгын көрсөткөн
Кыргызстан канадалык Centerra Gold Inc компаниясын сотко берди. Киберкоопсуздукка байланыштуу жана «Кумтөрдүн» кызматкерлеринин укуктарын коргоодо. Бул тууралуу Mining Weekly басылмасы жазып чыкты.
Доодо Центерра Голд Инк 2021-жылдын май айынан бери, өкмөт кенге убактылуу тышкы менеджерди дайындаганга чейин, колдонуучулар менен администраторлордун Кумтөрдүн компьютерлерине кирүүсүнө бөгөт койгону айтылат. Бул Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти Centerra Gold Inc компаниясына кылмыш ишин козгоого түрттү.
«Центерранын иш-аракеттери Кыргызстандын мыйзамдарын сыйлабагандыкты көрсөтүү менен биздин кызматкерлердин укуктарын жана коопсуздугун одоно бузуу болуп саналат», - деди «Кумтөр» жумушчуларынын профсоюзунун төрагасы Калысбек Рыспаев.
Сүрөт www