Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ташкентте Курманжан датка тууралуу китептин бет ачары болду

Китеп англис тилинде “Курманжан тоосунун ханышасы” деген ат менен жарык көргөн

Бүгүн, 16-декабрда Ташкентте 10-Ачык Евразия адабий фестивалынын жана китеп форумунун (OEBF) алкагында Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишмери Бүбайша Арстанбекованын китебинин бет ачар аземине катышты. Курманжан Датка жөнүндө, англис тилинде “Queen mountains Kurmanjan” (Queen Kurmanjan of Mountains) деген ат менен жарык көргөн.

Элчи Жунусов чогулгандардын алдында сүйлөп жатып, Алай ханышанын эң маанилүү тарыхый ролун, анын 19-кылымдагы чыгыш аялы үчүн тагдырынын кайталангыс өзгөчөлүгүн, ошондой эле Курманжан Датканын оор мезгилдеги акылман жана көрөгөч бийлигин белгиледи. 

Ал ошондой эле Курманжан датка эки жолу датка наамын алган аймактагы жалгыз башкаруучу аял экенин баса белгиледи.

Сөзүнүн аягында Жунусов акын Арстанбековага кыргыз элинин чыгаан кызы – Курманжан датканын өмүр жолу менен жалпы коомчулукту кеңири тааныштырууга багытталган эмгеги жана аракети үчүн ыраазычылык билдирди.

КРнын Өзбекстан Республикасындагы Элчилиги
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх