Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкекте ҮМБнын мындан аркы иштешинин максатка ылайыктуулугун карайт

Үй-бүлөлүк медицинанын биргелешкен борборлорунун ишинин натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүлүүдө

Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкектеги бириккен ҮМБлардын ишин талдоо боюнча буйрук чыгарды.

Бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматулаевдин төрагалыгы алдында түзүлгөн жумушчу топ бирдиктүү үй-бүлөлүк медицина борборлору тарабынан шаар калкына медициналык кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жана сапатын талдоодо.

Жакынкы аралыкта анализдин жыйынтыгын чыгаргандан кийин Бишкек шаарында ҮМБнын мындан аркы иштешинин максатка ылайыктуулугу боюнча сунуштар киргизилип, чечимдер кабыл алынат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх