Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чек ара кызматы Кыргызстандан Ооганстанга мунай экспорттолгону тууралуу маалыматты жалган деп атайт

УКМК КРдан мунай продуктуларын ЕАЭБдин чегинен тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салганын эскертти

Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы Кыргызстандан Ооганстанга мунай экспорттолушу тууралуу маалымат каражаттарында тараган маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

“2021-жылдын 16-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги өткөрүү пункттары аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. «Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынан мунай жана мунай продуктуларын ЕАЭБдин чегинен тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салынган.

Чек ара кызматы Кыргызстандан башка өлкөлөргө мунай жана мунай продуктулары экспорттолгону тууралуу маалымат жалган экенин баса белгиледи.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх