Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Юрист Бакытбек Жетигенов: Соттордун маселени мыйзам талаасында чечкенге күчү жетпеди!

Депутат бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деп шектелип, камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деп шектелген депутат Бакытбек Жетигеновду камакта калтырды. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына депутаттын жактоочусу Рабиг Сыдыкова тастыктады.

Сотто Жетигенов күнөөсүн мойнуна алган жок, ошол эле учурда бийлик менен дайыма компромисске барып келгенин баса белгиледи.

«Мен тарапташтары менен жолугушууда бийликти мактап, сындагандын кереги жок деп айттым. Анда суунун, чөптүн тартыштыгына байланыштуу маселелер талкууланды. Бийлик менен иштешсе болот дедим. [...] Сүйлөгөн сөздөрүмдө мурунку жана азыркы жетекчилерге ишенбейм, бийликте кудайдан корккон адам болушу керек деп айткам. Бирок бул бийликти басып алуу керек дегенди билдирбейт», - деди Жетигенов.

Ал арада Рабига Сыдыкова Vesti.kg сайты менен болгон маегинде соттордун маселени мыйзамдуу чечүүгө батына албаганын билдирди.

- Шаардык соттун маселени мыйзам чегинде чечүүгө батына алган жок, - дейт Сыдыкова. - Конституция адамдын негизги укуктарын - эркиндикке жана жашоого болгон негизги мыйзам. Бул учурда сөз ЖКнын депутаты жөнүндө болуп жатат, анын камакка алынышы үчүн тиешелүү уруксат алуу зарыл. Ал эми бизде тескерисинче – бир адам камалды, анан уруксат сурашат. Сот иштин жагдайын эске алган эмес, анын күнөөсүн далилдеген эч кандай далил жок. Судья бардык материалдарды так изилдеп чыгышы керек болчу. Мыйзам бирдей колдонулбайт.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын аягында депутат Жетигенов бийликти басып алууга аракет кылган деген шек боюнча билдирүү алып, андан соң ал кармалып, Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камалган.

Тергөөнүн айтымында, Жетигенов «Эл ынтымагы» бирикмесинин лидери менен бирге Аскат Темралиев менен келишим түзүп, парламенттик шайлоодон кийин бийликти күч менен басып алууну уюштурууну көздөгөн.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх