Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров: Айгүл Жапаровна депутаттын тагдырын чечмек турсун, бир уборщицаны да кызматка койгон жок жана койбойт дагы

Президент парламентте аялдардын пайызы 30 пайыздан ашса, БШК жооп бериши керектигин айтты

Президент Садыр Жапаров Жанар Акаевдин депутаттык мандатын аял талапкер Токтобүбү Оргалчка өткөрүп берүү тууралуу маалыматка комментарий берди. Анын билдирүүсү Фейсбукта пайда болду.

«Тарап жаткан ушак-айыңдарга комментарий берүүдөн алыс болгум келди, бирок аларга көңүл бурбай койсо, анда кээ бирөөлөр бул маалыматка ишениши мүмкүн. Мен өткөн катачылыктарды кайталабайм деп элге убада бергем.
Мурункулар талаштуу маселелер боюнча комментарий беришкен жок, “бул менин деңгээлим эмес” деп, массалык нааразычылыктарды жаратты. Натыйжада үч революция болду”,-деп жазды мамлекет башчысы.

Президент Жанар Акаевдин мандатын Токтобүбү Оргалчага өткөрүп берүү тууралуу маалыматка комментарий берди.

«Жанар иним, өзүңдүн ичиң толо арам болсо эле мени да өзүңдөй ойлобо. Тескерисинче, БШКнын төрайымы Н. Шайлдабековага кимдир бирөөлөр барып, “президент менен макулдаштык, Жанар Акаевди колдоп койсун деди”, - дешиптир. Мен Н. Шайлдабековага “бир гана мыйзам талабы жана адилеттүүлүк менен чечкиле, эч ким силердин ишиңерге кийлигишпесин”, - дедим. Ким барганын, атын да сураганым жок. Аны БШК төрайымы өзү айтсын.Биз шайлоо башталгандан бүгүнкү күнгө чейин БШКнын бир дагы ишине кийлигишпедик. Мыйзамсыз чечим чыгарышса, өздөрү керт баштары менен жооп беришет. Башынан эле ушундай талап коюп келе жатам.», - деди Жапаров.

Ал белгилегендей, алар Токтобубу Оргалчынын бар экендигин акыркы окуяларды талкуулагандан кийин билишкен.

«Ушундай талапкер бар экенин ушул тема чыкканы билдик. Тотобүбү айымды Айгүл Жапаровна эмес, атасы да тааныбайт. Мурда «Эл Үмүтү» партиясына чаптап жүрдүңөр эле, эми «Альянс» партиясына чаптайсыңарбы? «Альянс» партиясы өздөрүн оппозициялык партиябыз деп жүрүшпөйбү?

Айгүл Жапаровна депутаттын тагдырын чечмек турсун, бир уборщицаны да кызматка койгон жок жана койбойт дагы. Анын бир эле иши бар – жетим- жесирлерге жардам берүү.
Мындан ары ушундай ушактардан алыс болушуңуздарды суранамын.», — деп жазды мамлекет башчысы.


Мындан тышкары, Садыр Жапаров парламентте аялдардын квотасы кандай эсептелип жатканын жарандар өздөрү да билишерин белгиледи.

«Комиссия түзүп, БШК менен чогуу эсептегиле. Мыйзам боюнча 30 пайыздан кем эмес аялдар болушу керек. 30 пайыздан ашып кетсе, БШК Жанардан мандатын алып, туура эмес чечим чыгарган дегенди билдирет. Бул боюнча иш козгоп, жоопко тартуу керек», - деп жыйынтыктады ал.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх