КММАда Адинай Мырзабекованын элеси түшүрүлгөн дубал сүрөтү пайда болду (фото)
Эмгек скульптор-сүрөтчү Марлен Бакачиевге таандык
И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын 7-жатаканасынын имаратынын дубалдарына Адинай Мырзабековага жана медицина кызматкерлерине арналган дубал сүрөтү пайда болду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Медициналык академиянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, скульптор-сүрөтчү Марлен Бакачиев окуу жайдын заказы менен дубалга түшүрүлгөн сүрөттү тарткан.
Муралдын жалпы аянты 200 чарчы метрди түзөт.
Дубалдын бир бөлүгүндө 13-июлда коронавирус инфекциясы күчөгөн маалда каза болгон Адинай Мырзабекованын жылмайган сүрөтү түшүрүлгөн. КММАда 5-курста окуп, пандемия учурунда Бишкектеги ооруканалардын биринде медайым болуп иштеген. Өлүмгө эки тараптуу пневмония себеп болгон. Ал каза болгондон кийин «Эрдик» медалы менен сыйланган.
Ал эми экинчи бөлүктө Кыргызстандын желегинин фонунда медицина кызматкерлерине гүл берип жаткан кичинекей кыз тартылган.
Канышай Балкыбекова
фото www
Узнать больше: https://vesti.kg/obshchestvo/item/94368-v-kgma-poyavilsya-mural-s-izobrazheniem-adinaj-myrzabekovoj-foto.html - В КГМА появился мурал с изображением Адинай Мырзабековой (фото) - VESTI.KG - Новости Кыргызстана