Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте коомдук транспорттун айрым каттамдарынын багыттары өзгөртүлдү

Мындай чечим атайын түзүлгөн комиссиянын жыйынында кабыл алынды

Бишкектин шаардык транспорт башкармалыгында коомдук транспорттун каттамдарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жума сайын чогулат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Комиссия шаардык каттамдарды ачуу, жабуу жана өзгөртүү маселелерин объективдүү кароо жана негиздүү чечимдерди кабыл алуу үчүн түзүлгөн.

Курамга ИИМдин Кайгуул-күзөт кызматынын, Автоунаа, суу транспорту жана борбордогу салмак-габариттик көзөмөл агенттигинин, Бишкек троллейбус башкармалыгынын, Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын жана акимчиликтин өкүлдөрү кирди.

Жакында болуп өткөн жыйында жети маселе каралды. Талкуунун жыйынтыгы менен Шералиев – Эр-Тайлак – Садыбакасов – Камбар-Ата – Ак-Таң көчөлөрү боюнча №135 маршруттук таксилердин кыймылын жарым-жартылай өзгөртүү чечими кабыл алынды. Андан кийин каттам ошол эле трафиктин схемасы боюнча жүрөт.

№ 121 кичиавтобустун Чуй проспектиси боюнча Лермонтов кечесуне чейин, Лермонтов боюнча Фрунзеге, Фрунзе боюнча Веселаяга чейин кыймылынын схемасы убактылуу өзгөртүлдө, калган схемасы өзгөртүлгөн  жок.

Беш маселе комиссиянын кийинки отурумуна жылдырылды.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх