Оштун өзүнүн туристтик бренди бар (сүрөт)
Логотип орусиялык дизайнер тарабынан иштелип чыккан
Оштун өзүнүн туристтик бренди бар. Бул тууралуу түштүк борбордун мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
«Эми Ош шаары дүйнөлүк туризм тармагына өзүнүн бренди менен кирет. Кыргыз Республикасынын түштүк борбору Борбор Азиядагы өзүнүн брендине ээ болгон биринчи шаар болуп калды», - деп белгиледи мэрия.
Туристтик логотиби сынактын негизинде тандалып алынган. Жеңүүчү деп орусиялык Михаил Чулин табылды. Дизайнерге 100 миң сомдук сертификат тапшырылды.
«Мэр Алмаз Мамбетов кызматка киришкенден тартып өзүнүн алдына Ошту туристтик шаарга айлантуу максатын койгон. Бүгүнкү иш-чара бул багыттагы алгачкы кадам болуп саналат. Мэр негизги багыттар боюнча туризм тармагын өнүктүрүүгө аракеттер көрүлөөрүн айтты», - деп жыйынтыктады муниципалитет.
Фото www