Ысык-Көлдө мурда дайынсыз жоголгон эки жарандын жансыз денеси табылды
Каза болгондордун сөөгү ИИМге өткөрүлүп берилди
Бир күн мурун Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылынын 2 тургуну 1948-жылы туулган М.Ю.М. жана 1965-жылы туулган А.А., балык уулоого чыгып, кайтып келбей жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, окуя болгон жерге 33 куткаруучу, 7 суучул, ӨКМден 1 фельдшер, 17 милиция кызматкери жана 33 жергиликтүү тургун тартылган.
Издөө иштеринин жүрүшүндө суудан эки адамдын сөөгү табылган. Куткаруучулар сөөктөрдү чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз