Ушул аптада Жогорку Кеңештин жаңы депутаттары мандат алышат
22-декабрда мөөнөтү бүтүп жаткан Жогорку Кеңештин акыркы жыйыны болот
Бейшемби күнү, 23-декабрда Жогорку Кеңеште VII чакырылыштагы парламентарийлерге депутаттык төш белгилерди жана күбөлүктөрдү салтанаттуу тапшыруу аземи болот. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Ошол эле учурда азыркы VI чакырылыш 22-декабрда жыйынтыктоочу жыйынын өткөрөрү белгиленген.
«Жаңы чакырылыштын депутаттары мандат алгандан кийин бир жумадан кийин биринчи сессиясын өткөрүшү керек», - деп айтылат Жогорку Кеңеште. - 22-декабрда эски чакырылыштын депутаттары акыркы жыйынын өткөрөт окшойт. Күн тартиби азырынча белгисиз.
Канышай Балкыбекова
сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз