Бишкекте угуусу начар балдардын жаңы- жылдык майрамы өттү (фото)
Борбор калаада угуусу начар балдар үчүн жаңы жылдык оюн-зоок өткөрүлдү. Иш-чараны “Биз бирге угабыз” коомдук уюму уюштурган. Балдарга театралдаштырылган оюн-зоок көрсөтүлүп, белектер тапшырылды.
Мындай майрамдар жыл сайын өткөрүлүп келерин Vesti.kg сайтына “Биз бирге угабыз” уюмунун негиздөөчүсү Надира Мамырова билдирди.
«Биз мындай иш-чараларды бир гана Жаңы-жылга эмес, башка майрамдарга да уюштурууга аракет кылабыз», - дейт ал. - Эң негизгиси балдарга кубаныч тартуулоо. Биз демөөрчүлөрдү издеп жатабыз жана атайын конокторду чакырабыз. Азыр бир гана Бишкекте 200гө жакын бала угуу имплантаты бар.
Редакциянын маектеши аталган уюм мамлекеттик органдардын жардамынын жетишсиздигинен жапа чегип жатканын айтты.
«Биз өзүбүз каражат издеп жатабыз, мамлекеттик органдар жардам бербей жатат», - деп нааразы болду ал. - Ата-энелерде кээде угуусу начар балдарды дарылоодо көйгөйлөрдү чечүү үчүн кайда кайрылуу керектиги тууралуу маалыматы жок. Бардык текшерүүлөр, дарылоо жана реабилитациялар акы төлөнөт. Азыр абал бир аз өзгөрө баштады, импланттардын жардамы менен балдардын угуусун жарым-жартылай болсо да калыбына келтире аларын көрсөттүк. Буга чейин бул балдар дүлөйлөр мектебине жөн эле жөнөтүлчү. Эми ата-энелер аларды кадимки билим берүү мекемелеринде окута алышат.
Надира Мамырова майрамды уюштурууга көрсөткөн жардамы үчүн Орукгүл Жумабаевага ыраазычылык билдирди.
«Мындан тышкары, бул иш-чара Human Appial International эл аралык гуманитардык коому жана «Нурлуу кайрымдуу кыздар» кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланды», - деп кошумчалады ал.
https://vesti.kg/kg/politika-kg/item/94454-bishkekte-uguusu-nachar-baldardyn-zhany-zhyldyk-majramy-ottu-foto.html#sigProIdb4fb090d68
Фото Vesti.kg