Аскар Акаев: Менин сапарым Владимир Путин менен Садыр Жапаровдун деңгээлинде макулдашылган
Садыр Жапаров өзү мага телефон чалып, Кыргызстанда 16 жылдан бери мага каршы көптөгөн ар кандай иштер топтолуп жатканын, алардын көбү чындыкка коошпой турганын айтты
Кыргыз Республикасынын туңгуч президенти Аскар Акаевге коюлган бардык айыптар алынып салынды. Бул тууралуу мурдагы мамлекет башчы орусиялык МК басылмасына берген маегинде билдирди.
Акаев президент Садыр Жапаровго жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирди.
«2021-жылы мен эки жолу мекениме бардым. Жайында бир жума, декабрда бир жума жүрүп учуп келдим. Ал жакта күн сайын эртеден кечке чейин укук коргоо органдары менен абдан тыгыз иштештим. Азыр мекенимде мага карата эч кандай дооматтар жок, бардык иштер жабылды деп айта алам. Эми мен Кыргызстандын башка жараны сыяктуу эле каалаган убакта келе алам. Албетте, буга азыркы президент Садыр Жапаровдун салымы чоң. Ал өзү мага телефон чалып, 16 жылдан бери Кыргызстанда мага карата көптөгөн ар кандай иштер чогулуп жатканын, алардын көбү алыскы иш экенин, бирок аларды жабуу үчүн менин түшүндүрмөлөрүм, жоопторум керектигин айтты. Бишкекке учуп келүү чакырыгын ыраазычылык менен кабыл алдым. Андан сырткары УКМКнын башчысы, генерал Камчыбек Ташиевге ыраазымын. Ал жана анын бардык кол алдындагылары мага абдан жакшы мамиле кылышты. Алар мыйзамга ылайык иш кылышса да, абдан боорукер болушту», - деди ал.
Биринчи президент ошондой эле Кыргызстанга Владимир Путин менен Садыр Жапаровдун ортосундагы келишимдердин алкагында учуп келгенин баса белгиледи.
«Менин сапарым тууралуу маселе Россия менен Кыргызстандын президенттери Владимир Путин менен Садыр Жапаровдун деңгээлинде макулдашылган. Мен Владимир Владимировичке Россияда мага ушунчалык меймандос мамиле кылганы үчүн чексиз ыраазымын. Мен бул жерде 16 жылдан бери иштеп келем, менин үй-бүлөм үчүн эң ыңгайлуу шарттар түзүлдү», - деди Акаев.
Кошумчалай кетсек, мурдагы мамлекет башчы азырынча Кыргызстанга көчүүнү пландабаганы менен бөлүштү.
«Азыр мен Орусияда калууну пландап жатам, анткени бул жерде менин кызыктуу жумушум бар. Мен Москва мамлекеттик университетинин механика-математика факультетинде иштейм, ал жерде көрүнүктүү окумуштуулардын катарындамын. Илимий иштердин алдыңкылардын катарында болушу абдан маанилуу. Чыгармачыл күчүм сакталып турганда, мен Москва мамлекеттик университетинде ишимди уланткым келет», - деди ал.
сүрөт www