Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров Ош облусунда иш сапары менен жүрөт

Министрлер кабинетинин башчысы Ош мамлекеттик университетине жана бир катар өнөр жай объектилерине барат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусунда жумушчу сапары менен жүрөт.

Жумушчу сапарынын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы Ош мамлекеттик университетине барат жана бир катар өнөр жай объектилерин кыдырып, Ош шаарын өнүктүрүү программасы жана борбордук көчөлөрдөгү транспорттук тыгындарга жол бербөө максатында иштелип чыккан унаа жолдорун куруу долбоору менен таанышат.  

Акылбек Жапаров ошондой эле Ош шаарынын тургундарын ичүүчү таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча долбоору менен таанышмакчы.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх