Бактыбек Калмаматов түн ичинде УКМКга жеткирилди (видео)
Парламентарий Казакстанга уча албай калган
Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Калмаматов кечээ кечинде УКМКга жеткирилди. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жарыялады.
Эл өкүлүнүн айтымында, чек ара көзөмөлү учурунда чек арадан өтө албай турганын айтышкан.
Андан соң Калмаматовго бул иш боюнча күбө катары УКМКга суракка чакыруу кагазы тапшырылды.
Азырынча парламентарий кайсы иштин үстүндө экени белгисиз.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз