Депутат Бакытбек Жетигенов бошотулат
Парламентарийлер Башкы прокуратуранын кесиптешине кылмыш ишин козгоодон баш тартышты
Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин депутат Бакытбек Жетигеновду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча сунушун кароо боюнча Жогорку Кеңештин комиссиясы көзөмөл жүргүзүүдөн баш тартуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу комиссиянын мүчөсү Айсулуу Мамашова билдирди.
Тактап кетсек, комиссиянын чечимине 88 депутат «макул», 1 депутат «каршы» добуш берген. Ошентип, камактагы депутат бошотулушу керек.
Белгилей кетсек, Бакытбек Жетигеновдун тарапкерлери эртең менен Жогорку Кеңештин жанына чогулушкан. Алар депутатты камактан бошотууну талап кылган плакаттарды кармап турушкан.
Эске сала кетсек, Жетигенов парламенттик шайлоодон кийин бийликти күч менен басып алууга даярданган деген шек менен кармалган.
Канышай Балкыбекова
сүрөт www