Сергей Слесарев: Алмазбек Атамбаев жаза мөөнөтүн №47 колонияда өтөй берет (видео)
Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча мурдагы президенттин адвокаттарынын арызын кароо кийинкиге калтырылды
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаттарынын криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча арызын кароо 17-январга жылдырылды. Бул тууралуу адвокат Сергей Слесарев билдирди.
Алмазбек Атамбаев жаза мөөнөтүн №47 колонияда өтөйт.
- Менимче, себеп арызда эмес, башка нерседе болду, - деди жактоочу. - Арызда адвокаттардын бири арыз жазганы, бүгүн иш материалдары менен таанышууга үлгүрбөй жатканы айтылган. Иш Жогорку Сотто өтө көптөн бери каралып, узак мөөнөткө жылдырылган. Тилекке каршы, биз күткөн нерсе болбой калды. Жок дегенде бир чекит коюлат деп үмүт кылышкан. Бул иштер боюнча Алмазбек Шаршеновичке же башка жоопкерчиликке тартылган адамдарга карата эч кандай далил жок.
Манас Көлбаев
Медина Купсулдаева
Видео Vesti.kg