Улуттук статистикалык комитет калкты каттоого даярдык көрүүдө
Жарандардын санын жана турак жай фондун каттоо жазында жүргүзүлөт
Бир күн мурун биринчи вице-премьер-министр Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы алдында 2022-жылдагы Калкты жана турак жай фондун каттоо боюнча республикалык комиссиянын биринчи отуруму болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов өлкөдөгү калкты жана турак жай фондун каттоого даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берди.
«Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасында калкты жана турак жай фондун каттоо 2020-жылы өтүшү керек болчу. Бирок коронавирустун пандемиясынан улам аны 2022-жылга жылдырууга туура келди. Ал март-апрель айларында өткөрүлөт. Анын бүтүндөй өлкө үчүн мамлекеттик маанисин эске алуу менен, бардык тартылган адамдарды эл каттоону даярдоого жана өткөрүүгө активдүү катышууга чакырам», - деди ал.
Өз кезегинде комиссиянын жыйынына катышкан президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын вице-мэрлери комиссия мүчөлөрүнө калкты каттоого даярдык көрүү чаралары тууралуу маалымат беришти.
Жыйындын жыйынтыгында катышуучулар графикте каралган тапшырмаларды өз убагында жана сапаттуу аткарууну чечишти.
Сүрөт www