Бакытбек Жетигенов бошотулду
Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды
VI чакырылыштын депутаты Бакытбек Жетигенов бошотулду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, Биринчи Май райондук сотунун 22-декабрдагы чечими менен Жетигеновго карата мурда колдонулган камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы жокко чыгарылган.
Эске сала кетсек, Бакытбек Жетигенов бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалган.
Камактагы экс-депутатты кол тийбестиктен ажыратуу боюнча башкы прокурордун сунушун кароо боюнча депутаттык комиссия түзүлдү.
Комиссия мүчөлөрү Жетигеновду Башкы прокуратурадан абакка отургузуудан баш тартышты.
Канышай Балкыбекова
Сүрөт www