Чек арада атышуу. Тажик тарап өзүнүн аскер кызматкерлеринин аракеттерин мыйзамсыз деп тааныды
Бул ашынган фактыга жол берген ТРнын УКМКнын коопсуздук кызматынын чек арачылары жоопкерчиликке тартылары белгилүү болду
Бир күн мурун, 22-декабрда окуя болгон жерде - Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат-Жаштык унаа жолунун тилкесинде Тажикистан Республикасынын чек арачылары тарабынан Кыргыз Республикасынын жараны Б.М.га карата курал колдонгондугу боюнча Кыргызстандын чек ара өкүлдөрү менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өткөн.
Жолугушууда тажик тарапка окуянын күнү жана орду көрсөтүлдү.
Тажикстандын чек ара өкүлдөрү өз аскер кызматкерлеринин аракеттеринин мыйзамсыздыгын жана курал колдонуунун мыйзамсыздыгын толук моюнга алышты. Бул ашынган фактыга жол берген ТРнын УКМКнын чек арачылары жоопкерчиликке тартыла турганын айтышты.
Бул окуяны Тажикстандын Аскердик прокуратурасы иликтейт.
Тараптар окуя боюнча бир тараптуу иликтөө жүргүзүүнү макулдашты.
Мындан тышкары, жакынкы арада тараптардын чек ара заставаларынын жетекчилери менен Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын чек арачыларынын чек арадагы жүрүм-турум сызыгы боюнча биргелешкен машыгуулар өткөрүлөт.
23-декабрга карата чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу.
КР УКМКнын басма сөз кызматы
Сүрөт www