Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте жаш бильярдчылар арасында эркин пирамида боюнча чемпионат өттү

Мелдештин жыйынтыгында Нурсултан Таштанбеков 1-орунду ээледи

Бишкектин “PAVO” бильярд клубунда бильярд боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин “Эркин пирамида” оюну боюнча чемпионаты өттү.

Оюнда 2002-жылы туулган жана андан кичүү 22 улан-кыздар күч сынашты.

Сынактын жыйынтыгында 1-орунду Таштанбеков Нурсултан, 2-орунду Төлөнбаев Байдөөлөт, 3-орунду Амираев Азамат жана Огобаев Артур бөлүштү.
Мелдештин уюштуруучусу - Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгына караштуу бильярд жана велоспорт боюнча спорт мектеби.

Иш-чаранын максаты — спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу, эл аралык мелдештерге катышуу үчүн күчтүү спортчуларды аныктоо, ошондой эле спорттун бул түрүн шаардыктар арасында кеңири жайылтуу.

Бишкек шаарынын мэриясы
Бишкек мэриясынын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх