Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Евробиримдик билим берүү жана санариптештирүү үчүн Кыргызстанга 19,4 миллион евро бөлөт

Акча ошондой эле өлкөнүн киберкоопсуздугун жакшыртууга жана жеке маалыматтарды коргоону камсыздоого жумшалат

Бүгүн, 23-декабрда Евробиримдик Кыргызстандын өкмөтүнө 19,4 миллион евро же дээрлик 1,9 миллиард сом бюджеттик жардам которду. Каражаттар билим берүү жана санариптештирүү секторуна багытталган эки грантка бөлүнөт.
 
Билим берүү тармагында 7,4 миллион евро транш Кыргызстандын 2019-2021-жылдары билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын колдоо үчүн Европа Биримдиги тарабынан бөлүнгөн 32 миллион евронун эң акыркысы болуп саналат. Калган каражаттар 2019 жана 2020-жылдары которулган.
 
Бул стратегиянын алкагында билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы түзүлүп, билим берүүнүн сапатын жана окуучуларды баалоо системасын жакшыртуу боюнча чаралар көрүлүп, мамлекеттик каржыны башкаруу жакшыртылды. Өкмөт акыркы транштын каражатын билим берүүнүн сапатын мындан ары жогорулатууга, окуу китептерин сатып алууга жана бардык мектептерде интернетке жетүүнү камсыздоого жумшоону пландоодо.
 
Санариптештирүү жагынан алганда, 12 миллион евро өлчөмүндөгү грант 2020-2023-жылдары Кыргызстандын санариптик трансформациясынын жол картасына ЕБ бюджеттик колдоо программасынын компоненти болуп саналат. Бул программанын максаты - Жогорку Технопарктагы санариптик көндүмдөрдүн инновациялык борборунун ишин колдоо, калкка электрондук кызматтарды көрсөтүү үчүн өлкөнүн бардык аймактарында Sanarip-Aimak/Digital Aimak системасын активдештирүү, өлкөнүн киберкоопсуздук, жаңы түзүлгөн Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик аркылуу жеке маалыматтарды коргоону камсыз кылуу. ...
 
Ошондой эле, бул транштын каражаттары программалык камсыздоону иштеп чыгууга жана тармактык министрликтерде маалымат базаларын жүргүзүүгө, ошондой эле бүткүл өлкө боюнча санариптик экономиканы өнүктүрүүгө жумшалат.
 
«Санариптик трансформация жана баарына жеткиликтүү билим берүү системасы Кыргызстандын өкмөтү менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташтыктын негизги артыкчылыктары болуп саналат. Бул секторлорго жардам Евробиримдиктин республиканын өнүгүүсүн колдоо боюнча милдеттенмесин чагылдырат”, - деди Евробиримдиктин элчиси Эдуард Ауэр.
 
Кыргыз Республикасындагы Евробиримдиктин  өкүлчүлүгү
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх