Бишкек шаарынын мэри борбор калаанын жаңы жылдык жасалгасынын авторун сыйлады
Майрам алдындагы шаардын бирдиктүү корпоративдик идентификаторун ойлоп тапкан дизайнер Нурбек Насыранбеков Ардак грамотага ээ болду
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев чыгармачыл уюмдардын өкүлдөрүнө борбор калааны жаңы жылдык жасалгалоону уюштурууга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ыраазычылык каттарды жана Ардак грамоталарды тапшырды.
Дизайнер Нурбек Насыранбеков (I-медиа чыгармачылык бюросу) мэриянын Ардак грамотасы менен сыйланды. Ал борбор шаарды жаңы жылдык жасалгалоо үчүн бирдиктүү корпоративдик идентификациянын автору.
Чыгармачыл уюмдардын жетекчилери Михаил Григорьев («АТОМ» өндүрүшү) жана Азиз Хасанов («Антарес» чыгармачыл тобу) да ыраазычылык каттары менен сыйланды.
Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www