Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Белгилүү кылмышкер Женго камактан бошотулду

Сот Кадыр Досоновдун иши боюнча тергөө аяктаганын билдирди

Кримавторитет Кадыр Досонов лакап аты Женго  үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ош облустук сотунан билдиришти.

«Кадыр Досоновдун кылмыш ишин тергөө аяктады. 2021-жылдын 17-декабрында соттук териштирүү башталаар алдында соттолуучунун жактоочусу кардарын камактан бошотуу өтүнүчү менен кайрылган, ал 2021-жылдын 23-декабрында канааттандырылган. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 166-беренесинин талаптарына ылайык, айыпталуучу Досоновго 2022-жылдын 15-февралына чейин үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулуп, камактан бошотулган. Соттук териштирүү 2022-жылдын 5-январына белгиленди», - деп жыйынтыктады сот.

Эске сала кетсек, Кадыр Досоновго жер басып алуу жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу боюнча айып тагылган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх