Президенттик аппарат Исмаил Исаковду мамлекет башчысынын дарегине айтылган негизсиз билдирүүлөрдү жасоодон алыс болууга чакырды
“Президент мыйзам алдында статусуна жана ээлеген кызматына карабастан бардыгы бирдей болушу керек деп бир нече жолу белгилеген
Президенттик аппараттын басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына экс-депутат Исмаил Исаковдун экс-депутат Бактыбек Калмаматов Садыр Жапаровдун буйругу менен камалган деген сөзүнө комментарий берди.
Исаковго "өлкө башчысынын дарегине айтылган негизсиз билдирүүлөрдү жасоодон алыс болуу" сунушталды.
«Балким Исмаил Исаков бул маселеге маани берүү үчүн айтып жаткандыр. Кандай болгон күндө да мамлекет башчынын дарегине айтылган негизсиз билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырабыз. Президент мыйзам алдында статусуна жана ээлеген кызматына карабастан бардыгы бирдей болушу керектигин бир нече жолу белгилеген. Андыктан тергөө бул ишти тыкыр иликтеп, чекит коюшу керек», - деп билдирди президенттик аппарат.
Эске салсак, бүгүн Исмаил Исаков Vesti.kg сайты менен болгон маегинде партиялашы Бактыбек Калмаматовдун кармалышы президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жарлыгы менен ишке ашканына ишеним билдирди.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www