Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экономикалык коммерция министрлигинде министрдин жаңы орун басары Канат Абдрахманов тааныштырылды

Коллективдин коп мучөлөрү аны мурдагы ишинен тааныйт

Бүгүн, 27-декабрда аппараттык жыйында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев министрдин жаңы орун басары Канат Абдрахмановду тааныштырды.
 
2021-жылдын 17-декабрындагы №668 тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
 
Министр белгилегендей, команданын көпчүлүк мүчөлөрү Канат Жаныбековичти буга чейин анын мурунку иштеринен билишет. Ал бир топ тажрыйбага жана ыйгарым укуктарга ээ, Экономика министрлигинде инвестициялык саясат жана соода бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген, Инвестициялар министрлигинде, Экономика жана коммерция министрлигинде кеңешчи болгон.
 
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, министрдин жаңы орун басары Абдрахманов көрсөтүлгөн ишеним жана урмат үчүн ыраазычылык билдирип, жоопкерчиликтин деңгээлин толук түшүнөөрүн жана мамлекеттик экономикалык милдеттерди ишке ашыруу боюнча министрликке жүктөлгөн эң маанилүү милдеттерди мындан ары да аткарууга даяр экенин белгиледи.

Экономикалык соода министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх