Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттин басма сөз катчысы: Эскерте кетсек, Адахан Мадумаров «Ысык-Көл» мейманканасын калыбына келтирүү зарылдыгын буга чейин билдирген

"Аталган саясатчы кайсы бир актуалдуу темада ызы-чуу жаратууга аракет кылып жатат" деген ой пайда болот

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Vesti.kg сайтына саясатчы Адахан Мадумаровдун «Ысык-Көл» мейманканасын калыбына келтирүү зарылдыгы тууралуу билдирүүсүнө комментарий берди.

Султанбаевдин айтымында, мейманкана Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан жергиликтүү маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин реестринен чыгарылган, анткени имарат көп жылдар бою токтоп, эскилиги жетип, жараксыз абалга келген.

«Мадумаров мырза өзүнүн мамлекеттик, саясий же коомдук ишмердүүлүгүндө «Ысык-Көл» мейманканасын калыбына келтирүү зарылдыгын ачык айтып келгени эсибизден кетпейт. [...] Президенттик администрациянын маалыматы боюнча, аны реконструкциялоо үчүн жаңы имараттын курулушуна барабар сумма талап кылынат», — деди Султанбаев.

Мындан тышкары мамлекет башчынын басма сөз катчысы Мадумаров «ар кандай актуалдуу темада ызы-чуу жаратууга» аракет кылып жатканын билдирди.

«Аталган саясатчы жөн эле ар кандай актуалдуу темада ызы-чуу жаратууга аракет кылып жаткандай таасир калтырат», - деп жыйынтыктады Султанбаев.

Түшүндүрө кетсек, өткөн аптада «Ысык-Көл» мейманканасынын имараты демонтаждала турганы белгилүү болгон.

Ал арада саясатчы Адахан Мадумаров нааразычылыгын билдирип, имаратты бузбоого чакырды.

«Бишкектин тарыхый эстеликтеринин бири болгон «Ысык-Көл» мейманканасы, тилекке каршы, азыркы бийлик аны жок кылгысы келип жатат. Эмне үчүн эскини жок кылуу керек? Ушинтип кургулары келсе, колдору кычышып жатса, ансыз деле 11 жылдан бери талкаланган Башкы прокуратуранын имаратын куруп беришсин. Эмне үчүн аны кура албайсың? Же кадимки абалында болгонду жок кылуу керекпи? Былтыр октябрь окуясында күзөтчүлөрдүн айтымында, ичиндегилердин баары талкаланган. Эмне үчүн өткөн муундардын мурасын келечекке талкалоо керек?», - деп комментарийледи Мадумаров.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх