Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров Бишкек ТЭЦинин жээктеги насостук станциясында нөөмөттөгү кызматкерлердин санын көбөйтүүнү талап кылды

Буга чейин аталган мекемеде кырсык болгон

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаардык ЖЭБдеги үстүбүздөгү жылдын 25-декабрында суу түтүгү жарылган насостук станцияда көчмө жыйын өткөрдү.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө белгиленгендей, ЖЭБ кызматкерлеринин ыкчам жооп кайтаруусуна жараша, объектидеги авариялык абал жөнгө салынган.

«Борбордун тургундары үчүн жылуулук энергиясын берүү токтотулган жок. Насостук станциянын иши ыкчам калыбына келтирилген», - деп билдирди энергетика министри Доскул Бекмырзаев.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, мындай окуяларга жол бербөө максатында, өзгөчө түнкүсүн күзөттөгү кызматкерлердин санын көбөйтүү зарыл.

«Бул жолу компаниянын кызматкерлеринин аракети менен кырдаалды тез арада турукташтырууга мүмкүн болду. Жабдуулар эскирген, аны жаңыртууга убакыт келди», - деди Акылбек Жапаров жана 2022-жылдын апрель айына карата жаңылатууга муктаж жабдуулардын тизимин даярдоону тапшырды.

Министрлер кабинетинин мааалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх